Атамбаев Аксы окуясынын жабырлануучуларына жардам берди

17-Март 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 миллион 320 миң сом жардам көрсөттү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, курман болгондордун жакындары жана жабыр тарткан 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.

Бүгүн, 17-мартта Бишкекте жана Аксы районунда окуянын 15 жылдыгы эскерилип, курман болгондор үчүн тургузулган эстеликке гүл чамбар коюлуп, куран окулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!