“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

4-Апр. 2018, Шаршемби, 12:13

Президент Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Азыркы учурда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына ылайык уставдык капиталга катышуунун критерийи боюнча аффилирленгендикти белгилөө үчүн юридикалык жакка карата ар кандай жак үчүн акциялардын 20 жана андан ашык жалпы санына ээлик кылуу укугу болуш керек. Бул негиздеме боюнча акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон жактар аффилирленген деп эсептелбейт жана аларга мыйзамда каралган чектөөлөр жайылтылбайт. Ошол себептен Мыйзамда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамдын 3-берененин бешинчи абзацында аффилирленгендикти белгилөө үчүн акционердик коомдун акцияларынын жалпы санынын ичинен 20 жана андан ашык пайыздагы акцияларга ээлик кылуу фактысынын болушу зарыл деген ченем алынып салынган.

Мыйзам күчүнө киргенден баштап саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары акцияларга ээлик кылуу үлүшүнө карабастан берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон учурда алар аффилирленген жак болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, мыйзам Жогорку Кенеши тарабынан 22-февралда кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү процесске катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!