​Акматов: “Баарын орун басарлар чечип калганбы?”

26-Апр. 2018, Бейшемби, 10:26

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин ар кыл маселелер саатында депутат Алмазбек Акматов мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча элден кайрылуу келип түшүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, улуу инсандын атын Улуттук тарых музейине, районго жана көчөгө калтыруу боюнча тиешелүү жерлерге кайрылган. Бирок, Маданият министрлиги улуу инсанга жасаган мамилеси өкүнөөрлүк.

“Бул маселе боюнча Маданият министрлигинин орун басары качантан бери чечип калды эле. Муну министрликтин орун басары эмес, министр өзү чече албайт. Бир гана президент чечет”,- дейт Жумабеков.

Эскерте кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Ал жетекчи болуп турган учурда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги "Манас" аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин түздөн-түз жетекчилиги менен Ала-Тоо аянты, Ак үй, Ленин атындагы борбордук музей, Ленин атындагы китепкана, Спорт сарайы, Цирк, Филармония, Улуттук тарых музейи, Кыргыз драма театры, "Айчүрөк" борбордук универмагы, "Жеңиш" комплекси, Илимдер академиясынын имараттары жана башка объектилер курулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!