Абылгазиев: "Өкмөттүн ишин санариптештирүү керек"

4-Май 2018, Жума, 17:38

Бүгүн, 4-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Акылдуу шаар» долбоорун, «Түндүк» ведомство аралык өз-ара аракеттешүү тутумун жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө коомдо жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун мааниси жана анын иштөө механизмдери тууралуу так түшүнүк жок.

«Акылдуу шаар», «Түндүк» жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорлорунун негизги милдети өлкө жарандарынын коопсуздугун жогорулатуу, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жана ыкчамдыгын камсыздоо, ошондой эле адамдык факторду жоюу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат. Биз өнүгүүнүн ар-кандай сценарийлерин тыкыр талкуулап, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү объективдүү баалап, мындан аркы аракеттерибиз үчүн жол тандообуз керек», – деп белгиледи Абылгазиев.

«Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев маалымдагандай, «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында 4 негизги модулдан: жол эрежесин бузууну фото- жана видео фиксациялоо тутуму, ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузуу жана жол кырсыгы фактысын каттоо тутуму, административдик бузуулар жөнүндө токтомдун мөөрүн түзүү тутуму, анын ичинде айыппулду жеткирүү жана аны төлөө тутумунан турган борбордук маалыматтык интеллектуалдык тутум иштелип чыккан.

Ошондой эле анын айтымында, транспорттук каражатка салык төлөнбөгөндүгүн автоматтык түрдө аныктоо тутуму иштелүүдө.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Түндүк» ведомство аралык өз-ара аракеттешүү тутумун жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Абылгазиев белгилегендей, аталган долбоорлорду ишке ашырууда бардык мамлекеттик жана аймактык башкаруу органдары үчүн бирдиктүү стандарттар иштелип чыгуусу керек. Ал техникалык милдеттерди чечүүдө бардык деталдар эске алынышы тийиштигин баса белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө көрсөтүлгөн долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында өнөктөрдү тартуу менен ишке ашыруу мүмкүндүгүн иликтеп чыгуу тапшырылды.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!