​“Коркут Ата” спектакли Казакстанда көрсөтүлөт

13-Апр. 2017, Бейшемби

17-22-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Коркут Ата” спектакли менен коңшу Казакстан Республикасынын Шымкент жана Түркстан шаарларына Казакстандын тунгуч режиссёру Ж. Шаниндин 125 жылдык мааракесине арналган түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр-жазы 2017” эл аралык фестивалына аттанышууда. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

“Коркут Ата” адамдардын аң-сезимине дүрбөлөң салуучу, оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. Ал "Коркут ата" деген ысымы менен жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, 9-кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон. Коркут жарык дүйнөгө келгенде ааламда алаамат болуп, жер үстүндөгү адамдардын эси чыккан. Коркут жөнөкөй бала эмес, керемет касиети бар, дүйнөгө кут алып келе турган уул катары сүрөттөлөт. Коркут табияттын мыйзамына каршы туруп, эртеби-кечпи келе турган өлүмдөн качууга аракет кылат”,-деп айтылат маалыматта.

Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү акыры жеңгендиги тууралуу баяндалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!