Көпүрө 1,5 метрге чейин чөгүп кетти

14-Апр. 2017, Жума

Кара-Үңкүр дарыясынан өтүүчү көпүрөдөн автоунаалардын каттоосуна тыюу салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 13-апрелде саат 13:30 чамасында Кара-Үңкүр дарыясынын көлөмү көтөрүлүп, Чкалов айылы менен райондун борборун байланыштырган 2009-жылы ашар жолу менен курулган ички чарбалык көпүрөнүн ортодогу түркүгү 1-1,5 метрге чейин чөккөн.

«Азыркы учурда аталган көпүрөдөн сырткары каттоо үчүн Чкалов айылына 5 чакырым аралыкты айланып Таш көпүрөдөн өтүп каттоочу мурунку эски жол бар. Ошондой эле райондук Жарандык коргонуу комиссия тарабынан көпүрөдөн адамдардын жана жеңил унаалардын өтүп, каттоосуна тыюу салуу жагы уюштурулду»,- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!