Үйүнөн качкан окуучу кызды Аксыга жеткиришет

14-Апр. 2017, Жума

Аксыда дайынсыз жоголгон окуучу кыз Бишкек шаарында табылып, аны туугандарынын үйүнө жеткиргенден кийин кыз ал жерден да качып кетти. Мындан улам жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери кыздын качып кетүү себептерин такташып, алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 3-апрелде Аксы районунун 9-классынын окуучусу А.Таалайбекова үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Жоголгон кыздын туугандары кызды таап берүү үчүн жардам сурап ички иштер органдарына кайрылышкан. Бул фактынын негизинде Аксы РИИБинин өздүк курамы жапырт издөөгө киришкен. Жоголгон кызды издөө коңшу райондогу ички иштер органдарына дагы кабарланган.

«Издөөгө алынган кыз бир жумадан соң Бишкек шаарынан табылган. Аны тапкандан соң туугандарыныкына алып барышкан. Бирок, ал кыз ал жерден дагы качып кеткен. Шаардын айланасына издөө жүргүзүлүп, кечээ, А.Таалайбекованын жүргөн жерин такташты. Азыркы тапта кызды үйүнө жеткирүү пландалууда»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!