Өзүн-өзү сыйлагандар башканын келбетин унутпайт

Өзүн-өзү сыйлагандар башканын келбетин унутпайт
14-Апр. 2017, Жума

Жалгыз жүргөн адам менен түгөйү барлардын бир көргөндө эске сактоосу эки башка иштейт.

Аберт университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүндө үй-бүлөлүү аялдардын бойдокторго караганда көрүү эс тутуму күчтүүрөөк. Ошондой эле өзүн-өзү төмөн баалаган жана жалгыз бой аялдар, башка аялдарды жакшынакай деп баалашат.

Эксперимент учурунда, жакын мамиледе (жигити же күйөөсү) болгон аялдар көрүү эс тутумун текшерүү үчүн тесттен өтүшкөн. Анда үч секунд ичинде, аялдарга сүрөт көрсөтүп, андан кийин сүрөттөгү адам тууралуу өз оюн билдирүүлөрү керек. Компьютердин жардамы менен изилдөөчүлөр сүрөттөгү адамдын келбетин бир аз өзгөртүшкөн.

Өзүн төмөн баалаган аялдар сүрөттөгү аялды жакшынакай деп баалашып, ал эми эркектерди анча жакшы баалашкан эмес. Мындан сырткары өзүлөрүн жакшынакаймын деген үй -бүлөлүү аялдар көпчүлүк учурда эркектердин келбетин жакшынакай деп таанышкан. Бирок ал сүрөттөр компьютердин жардамы менен өзгөртүлгөндүктөн чындыгында андай эмес эле.

“Биз өзүн-өзү сыйлоо сезимин текшерүү үчүн башка адамдардын жүзүн кандай баалайт деп тест аркылуу сынап көрүүнү чечкенбиз", - дейт иштин биринчи автору Кристофер Уоткинс. "Жыйынтык көрсөткөндөй бөтөн адамдардын жагымдуу элеси кыска жолугушкандан кийин таасир тийгизет”, - деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!