Акаевди жумуртка менен кантип чабышты? (видео)

10-Дек. 2017, Жекшемби, 15:01

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевтин Германиядагы мекендештер менен кездешүүсүндө бир топ адам анын кетүүсүн талап кылышкан.

Катышуучулардын арасында муруку президентке каршы чыккандар да бар болуп чыкты. Алар «Акаев кет» деп жазылган плакаттарды кармап турушкан. Кездешүү социалдык тармакта түз эфир учурунда болгон. Видеодо каршы тараптын Акаевдин сөзүн бөлүп кыргызча сүйлөөсүн талап кылып жатканын көрүүгө болот.

«Сиз Кыргызстанда эмес, демократиялык Германияда жүрөсүз. Кайсы тилде сүйлөгүм келсе, ошол тилде сүйлөймүн», — деп жооп берген А. Акаев.

Сөзүнүн аягында ал кездешүүгө келген катышуучулар менен коштошкон маалда ага каршы адамдар суроо бере башташкан. Акаев эч нерсе айткым келбейт деп жооп берген. Ушул учурда катышуучулардын бири жумуртка ыргыткан. Аны көргөн экс-президенттин кызы Бермет Акаева жаш жигитке келип, полиция чакыра тургандыгын айткан. Ал эми жигит анын атасы жемкор экенин билдирген. Жаңжал маалында Бермет жигитти сумкасы менен бир нече ирет уруп жиберген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!