Исаков жаш спортчулар менен жолугушту

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:43

Премьер-министр Сапар Исаков АКШда өткөн Barrington Ice Arena Эл аралык турниринде «Алга Бишкек» шайбасы менен биринчи орунду жеңип алышкан Бишкек шаарынын жаш курама командасы менен жолукту.

Өкмөт башчы жаш спортчуларды турнирдеги ийгиликтери менен куттуктап, алар атамекендик спорттун жаңы тарыхый барагын ачып жатат деп белгиледи.

«Силер биздин сыймыгыбызсыңар жана мен үчүн силер менен жолугуу абдан чоң кубаныч. Жаш курагыңарга карабай, силер эмгегиңер жана тырышчаактыгыңар менен ийгиликке жетип, өзүнөрдүн теңтуштарыңар жана чоңдор үчүн да үлгү боло алдыңар. Кыргызстанда хоккейдин өнүгүшүнө анчалык көп эмес салым кошуп жатканыбызды эске алсак, силердин умтулууңар жана биринчи орунду алам деген тилегиңер менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныта алдыңар. Бул силердин чоң спортко карай алгачкы кадамыңар жана алдыда силерди дагы жаңы жетишкендиктер күтүп турат деп ишенебиз жана күтөбүз".

Бардык жаш спортчуларга Сапар Исаков эстелик белектерди жана сувенирлерди тапшырды.

Жолугушууга Бишкек мэри Албек Ибраимов, Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жана жаш спортчулардын ата-энелери катышты.

Шайбалуу хоккей боюнча Barrington Ice Arena кубогу үчүн жаш хоккеисттер арасындагы эл аралык таймаш 2017-жылдын 1-5-декабрында Чикаго шаарында (АКШ) өткөн. Турнирге беш команда, анын ичинде Кыргызстан, АКШ жана Канаданын хоккей командалары катышкан. Өспүрүмдөр курамасынын жаш хоккейчилери Бишкек шаардык мэриясынын олимпиадалык резервдеги спорттук оюндардын адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучулары болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!