Ассамблеянын милдеттери талкууланды

21-Дек. 2017, Бейшемби, 09:08

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды.

Токон Мамытов мамлекет башчысына Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселесинде Ассамблеянын аткаруу бийлиги менен аракеттенишүү механизмдерин жакшыртууга багытталган ишмердиги тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу маселеси, анын жоболорун ишке ашыруунын жыйынтыктары талкууланды. Ассамблеянын ишмердигинин мындан аркы негизги багыттары жана уюмдун алдында турган узак мөөнөттүү милдеттер белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын азыркы учурдагы негизги милдетин – Кыргызстан элинин улуттар аралык ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө, маданий жана этникалык көп түрдүүлүктү сактоого жардам берүү жана жарандык интеграциянын негизинде коомду бириктирүү экендигин эскертти.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин Ассамблеясынын этникалык коомчулуктардын мамлекеттик тилди үйрөнүү программаларына кошуу аракетин колдоду. Мындан ары дагы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстан элинин Ассамблеясы – этникалык коомчулуктардын өкүлдөрүнүн коомдук уюмдарынын ассоциациясы, 1994-жылы түзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!