​Күйүүчү май темир жол аркылуу ташылуусу мүмкүн

25-Янв. 2018, Бейшемби, 10:19

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев үстүбүздөгү жылдын 20-январында Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында Чычкан капчыгайында бензовоздун катышуусунда орун алган жол транспорт кырсыгынын фактысы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Дайыр Кенекеев акыркы учурда бензовоздордун катышуусу менен жол кырсык фактылары арбып жаткандыктан, аталган окуя республиканын жарандары арасында кооптонууларды жаратып жаткандыгын белгиледи. Буга байланыштуу кеңешмеде күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз жол менен ташуу маселеси каралды.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды коопсуз ташууну камсыз кылуу максатында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев тийиштүү мамлекеттик органдарга КММ республиканын түштүгүнө темир жол транспорту аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароо, аны менен катар Өзбекстан Республикасы менен темир жол аркылуу жүк ташуу тарифтерин төмөндөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу материалдар өлкөнүн түштүгүнө Бишкек-Ош жолу аркылуу автоунаа транспорту менен жеткирилет. Бирок аталган маршрут өзгөчө кыш мезгилинде абдан татаал болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!