​Анкарада “Саякбай” тасмасы көрсөтүлдү

2-Фев. 2018, Жума, 17:44

Түркиянын Анкара шаарында “Саякбай” тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу КРдин Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

"Саякбай" тасмасы ушул жылы 7-сентябрда чоң экранга чыккан. Тасма Ысык-Көл облусунун Тоң районунда тартылган. Фильмдин режиссеру - Эрнест Абдыжапаров.

Тасмага көптөгөн сценарийлердин арасынан тандалып режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун варианты жактырылган. Аны "Саякбай манасчы" фонду каржылаган. Бөлүнгөн каражаттын өлчөмү - 100 млн. сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!