​Баку-2017: Айсулуу Тыныбекова алтын утту

22-Май 2017, Дүйшөмбү

21-майда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин IV оюндарында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Айсулуу Тыныбекова алтын байгени утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчу финалдык таймашты үй ээси азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда түркиялык спортчу Дерию Байханды 10:00 эсебинде утуп алган.

Ислам тилектештигинин IV оюндарына оюндары 12-майда башталып, 22-майда жыйынтыкталат. Анда 54 мамлекеттин 3 миңдей спортчу таймашууда. Кыргызстандын атынан 68 спортчу спорттун 11 түрү боюнча катышып жатат.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү, Индиянын Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионунда алтын медалды утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!