​Баку-2017: Кыргызстан 16 медаль менен 10-орунда

22-Май 2017, Дүйшөмбү

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештигинин IV оюндарында Кыргызстан 57 мамлекеттин ичинен 10-орунда ээледи. Бул тууралуу оюндун расмий сайты маалымдады.

Маалыматка ылайык, сап башында үй ээлери болгон Азербайжан турат. Алар 154 медаль менен 1-орунда турат.

1-орунда Азербайжан - 154 медаль (75 алтын, 46 күмүш, 33 коло)

2-орунда Түркия - 185 медаль (68 алтын, 63 күмүш, 54 коло)

3-орунда Иран - 90 медаль (31 алтын, 26 күмүш, 33 коло )

4-орунда Өзбекстан - 62 медаль (15 алтын, 17 күмүш, 30 коло)

10-орунда Кыргызстан - 16 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 8 коло)

Коңшу мамлекеттерден 14- орунда Казакстан- 19 медаль (2 алтын, 5 күмүш, 12 коло) 36-орунда Тажикстан 4 коло алганга жетишти.

12-майда башталган Ислам тилектештигинин IV оюндары бүгүн, 22-майда жыйынтыкталат. Ага 57 мамлекеттин 3 миңден ашуун спортчулары таймашып, Кыргызстандын атынан 68 спортчу спорттун 11 түрү боюнча катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!