Бишкекте газ баллону жарылып, андан бир киши мерт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 24 жаштагы жаран жабыркады. Окуя Бишкек шаарынын Лущихин көчөсүндө жайгашкан үйдө катталган.
Мерт болгон жарандын өздүгү такталууда.