Адам баласынын жашоосу, аурасы, дегеле бүтүндөй дүйнөсү топурак менен тыгыз байланыштуу эмеспи. Ал тургай топурактан жаралып, кайра топуракка айланары тууралуу да айтылып жүрөт. Биз жер үстүндө ар баскан кадам сайын тебелеп жүргөн топуракка жан киргизип, андан түрдүү идиш-аяк, сувенир сыяктуу буюмдарды жасаган карапачы Жыргалбек Бактиевдин бул өнөрү тууралуу баяндайбыз.
Каарманыбыздын бул өнөр менен алектенип келе жатканына 17 жыл болгон. Бул аралыкта Жыргалбек топурактын тилин мыкты өздөштүрүп, чоподон кичинекей сувенир, идиш-аяктан баштап чоң ландшафттык интерьерге чейинки буюмдарды жасайт.
Ал бул өнөрдү кандайча аркалап калганын айтып берди.
“Өзүм көркөм сүрөт институтунда, андан кийин академияда окугам. Мурда сүрөт тартканым гана болбосо, карапачылык өнөр тууралуу түшүнүгүм деле жок болчу. Сүрөт жаатында билим алгандан кийин чопо менен иштөөгө кызыгуум артып 17 жылдан бери ушул өнөрдүн арты менен үй-бүлөмдү багып келе жатам”,-деди.
Анын айтымында колго уучтаганда бирикпей бириндеп чачырап турган топурактан кооз идиш же кадимки кумураны жасоо оңой эмгек менен мээнетти талап кылбайт.
“Топуракты адегенде атайын аппаратка салып, суу куюп, аралаштырабыз. Төрт-беш сааттан кийин кадимки каймак сыяктуу абалга келет. Андан кийин арасындагы бүртүкчөлөрдөн тазалоо үчүн атайын электен өткөрөбүз. Гипс формасына куйганда топурактагы суунун баарын соруп алат. Өтө кургап кетпеген жумшак абалга келгенде, аны ийлеп, ичинде аба калбагандай иштейбиз. Мунун баары көп убакытты талап кылат. Топурактын кургашы эле жай мезгилдери 3-4 күндү талап кылат. Кышында мындан да көп убакыт кетет. Мына ушул процесстердин баарын ишке ашыргандан кийин ар кандай формага келтирип түрдүү буюмдарды жасап баштайбыз”,-деди.
Акыркы убактарда эл арасында нукура, колдо жасалган буюм-тайымга суроо-талап өскөн. Жыргалбек Бактиев мындан төрт-беш жыл мурун чоподон жасалган буюмдарга кызыккандар азыраак болчу, азыр бир топ көбөйгөнүн айтат.
“Чоподон жасалган буюмдардын өзгөчөлүгүнө кызыга башташты. Көпчүлүгү жакындарына белекке берүү үчүн сурашат. Биздин устаканага топуракты иштетүү процессин көрөлү дешип көптөр кызыгып келишет. Ата-энелер балдарынын тилинин убагында чыгышына пайда экен дешип келишет”,-деди карапачы.
Ошондой эле ал топурак менен иштөөнүн өтө чоң пайдасы бар дейт.
“Адам баласы өзүбүз топуракка жакын эмеспизби. Топурак менен иштөө адамдар менен иштегендей эле. Эң оболу тилин таба билүү керек. Өз жолу менен акырын иштөө керек. Кыйнап, күчкө сала берген да болбойт”,-деди.