​Террордук топтун мүчөсү кармалды

16-Янв. 2018, Шейшемби, 14:22

Жихад идеясын колдогон эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жихад идеясын колдоп, республикага террордук актыларды жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү даярдоо боюнча, “жабык” социалдык-виртуалдык топтун окуусунан өткөн 23 жаштагы жаран эл аралык террордук уюмдардын жашыруун ячейкаларын аныктап, ишин токтотууга багытталган контртеррордук иш-чаралардын алкагында колго түшкөн.

Учурда кармалган жаранга Кылмыш жаза кодексинин 299-2-беренеси (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!