500 миң аарынын өлүмүнө балдар шектелди

19-Янв. 2018, Жума, 15:17

АКШнын Айова штатында полиция 12 жана 13 жаштардагы эки баланы бир фермадагы жарым миллион аарынын өлүмүнө жол ачканы, фермага зыян келтиргени үчүн камакка алды.

Аталган штаттагы “Wild Hill Honey” чарбасынын ээси Жустин жана Тори Энгельгардт 28-декабрда эртең менен бүтүндөй ары уюктарына зыян келтирилгенин көргөн.

Мындай зыяндарга улам учурап, 60 миң долларлык зыян тарткан.

Чарбадагы 50 уюкта жашаган жарым миллион ары карда калып, сууктан өлгөн. Жубайлар бул иштер курал-жарактар менен ишке ашканын, бирок уурулук болбогонун билдиришкен.

Кайрымдуулук кампаниясы өттү

Жубайлардын башына келгендерди өлкөнүн жана чет элдик медиа кеңири жазды. Өзгөчө чарба камсыздандырылбагандыктан бул үй-бүлөнүн ишинде кыйынчылыктарды жаралганын белгиледи.

Бул боюнча кайрымдуулук кампаниясы уюштурулду. Анда жаз айларында кайрадан иш баштоого 30 миң доллар чогулду.

Бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн полиция чарбанын коңшулары менен сүйлөшкөндөн кийин эки баланы камакка алды. 18 жашка чыга элек болгондуктан балдардын атын атоого болбойт. Эми аларга 10 жылга чейин абак жазасы же 10 миң доллар айып пул салынары болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!