​2017-жылы кылмыштуулук кыскарган

10-Фев. 2018, Ишемби, 10:53

Өткөн жылы Кыргызстанда 24 миң 712 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы 23 миң 551 кылмыш иши козголуп, 20 миң 392 кылмыштын бети ачылган, сотко 17 миң 292 иш жөнөтүлгөн.

2017-жылы кылмыштуулукту каттоо 2016-жылга салыштырмалуу 0,8 пайызга төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!