Ханбийкенин көзүн кызарткан зергер Гуля Акматова

9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:39

Кыргыздардан колунан көөрү төгүлгөн зергерлер көп чыкканы менен бул өнөрдү кылымдар бою сактап бүгүнкү күнгө чейин алып келген кол өнөрчүлөрүбүз саналуу гана. Алардын бири Британ баш калаасында өзүнүн зер буюмдары менен таанылган дизайнер, бир нече сыйлыктардын ээси Гуля Акматова айымды айтсак туура болот.

Ал зер буюмдарды жасоону учур талабына жараша жана эл аралык деңгээлде өнүктүрө алган десек аша чапбаган болобуз.

Гуля айымдын колунан түрдүү асыл таштар менен кооздолуп даярдалган асемдерге кызыкпаган айым жоктур. Ошондуктан 18 жылдан бери Британиянын борбор калаасында жашаган дал ушул мекендешибиз менен "Zaman Кыргызстан" маалымат агенттигинин кабарчысы пикир алышты.

Алгач эле каарманыбыздын Лондонго кантип барып калгандыгын жана ал жактан кантип ийгиликке жеткендиги тууралуу сураганыбызда, ал мындан 18 жыл мурда билимин жогорулатуу үчүн Лондон шаарындагы “Hampstead Garden” деген институтка барганын жана ушул инистутатта билим алып жүргөн кезде баары башталганын айтат.

Анын айтымына караганда, ал жогоруда аталган институттун “Бизнес менеджмент” деген факултетинде окуп жүргөн кезинде ал “зергерлик дизайн” деген курска барып калат да, анан ошондон тартып анын зергерчиликке болгон кызыгуусу жаралган.

Эл аралык көргөзмө учурунда зергер Гуля Акматова менен жибек устаты Фарзана Шаршенбиева.

“Лондондогу институтта окуп жүргөндө “зергерлик дизайн” деген курка барып калдым, анан ал курс мага абдан жагып калды. Себеби, ал жактан жасаган ишим өзүмө жаккан. Ошонтип мен ал жакка баш отум менен кирип кеттим. Лондондун жакшы бир жери жогоруда аталган курстун окутуучусу, мастер Monika Stonehall деген айым бизди асыл таштардан жасалган көздүн жоосун алган зер буюмдардын көргөзмөлөрүнө жибере баштады. Анан мен андайды көрбөгөн жаным көргөзмөлөрдөн кандайдыр бир ырахаттануу алат элем. Кийин көргөмөлөргө өзүм катышып, ал жакка өзүмдүн жасаган кооздук буюмдарымды тагынып бара баштадым. Көргөзмөлөрдө менин колумдан жаралган буюмдарды бирөөлөр жактырып, башкалар жактырбай жүрүп эле, мен эл аралык көргөзмөлөрдө өзүмдүн бренддимди жарата алдым десем да болот, жарата алган жокмун десемда болот. Негизкиси мен көргөзмөлөрдө өзүмдүн жан дүйнөм менен билимимди өстүрүп, жаңы тааныштарды, досторду жана кардарларды күтө алдым. Ал эми зергерчилик менин ишим эмес, ал менин хоббим. Бирок, жашырбайм жасаган ишимден ырахат алам. Анын аркасы менен өзүмдүн ары бери жүргөнүмө жетиштүү каражат табам. Негизи колго жасалган кымбат баалуу кооз буюмдарды жасап сатуу үчүн Лондондо жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени, ал жактан зер буюмдарды жасоого керектүү болгон асыл таштардын түрүн табуу оңойго турат”,- дейт Гуля айым.

Ханбийке Александра зергер Гуля Акматованын кымбат балуу асыл таштардан жасалган асемдерине кызыгып жаткан учур.

“Ийгиликке жетүү үчүн эң биринчиден кылып жаткан ишиңди сүйүшүң керек. Бир күндө эле кылган ишиңдин арты менен баарына жете калбайсың. Мен бир нерсе жасардан мурда аны сүрөткө түшүрүп алып, ага канча бермет, канча сафир, канча рубин, канча аметист керектелээрин эсептеп чыгам. Мисалы мен бир шуруну 5-6 жолу жасаган учурларым болот. Анткени, ар түстөгү асыл таштардын түстөрү бири-бирине айкалышына байланыштуу болот. Ошондуктан бир жасаганда эле шуруң оюңдагыдай болбой калбайт. Негизи мен көбүнчө брошка, сөйкө жана билериктерди жасайм. Ошондой эле жасаган буюмдарымдын баарын Британдык ак сөөктөр сатып алат дегенден алысмын. Ооба, кардарларымдын арасында белгилүү адамдар да, жөнөкөй адамдар да бар. Анан өзүмдүн зер буюмдарды сатып жибергенде өкүнүп калам. Анткени, аларды жасап жатканда өзүм үчүн жасап жаткандай болуп тагынып көрөм. Бирөө үчүн жасаганды такыр үйрөнө албай койдум. Себеби, кээ бир кардарларым мага келип жасаган буюмдарымды кичирейтип берчи десе эле, мен аларды түшүнө албай калам. Бир жагынан менин колумдан жасалган зер буюмдарды кардарларым тагынып жүргөнүн көрсөм, анда сүйүнүп калам”,- деди ал.

“Колунан көөрү төгүлүп жаңы өсүп келе жаткан жаштарыбыз үчүн кандай гана мүмкүнчүлүктөр бар. Алар интернет аркылуу барын көрүп, үйрөнүүгө болот. Бир нерсе кылай дешсе анда азыр алыр үчүн укмуштудай жабдыктар да бар. Бир гана өзүлөрүнүн фантазиялары менен иштөөлөрү керек. Бир күнү болот, бир күнү болбойт. Ошондой эле кайсы метал менен жакшы иштейсиң ошону билүүлөрү керек. Анткени, мен деле убагында металлды эритип жиберген күндөрүм болгон. Мага убакыт гана жетпейт жатат. Эгер жаштар кооз буюмдарды жасоону үйрөнүүгө кызыктар болсо мен анда баш тартпайм”,- деп кошумчалады каарманыбыз.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкекте Акматова өзүнүн соңку коллекциясын тартуулаганы турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!