Айбике: "Малайзияда Кыргызстанда жүргөндөй болосуң"

Айбике:
17-Янв. 2018, Шаршемби, 16:58

Бул жолку коногубуз алыскы Малайзияда билим алып ошону менен бирге спортто жана музыкада Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн Айбике Исаева. Ал өзүнүн студенттик жашоосу, жашоого болгон көз карашы жана максаттары тууралуу ой бөлүштү.

Айбике 18 жашта. Бишкек шаарында туулуп өскөн. Эки жылдан бери Малайзияда жашап, билим алып жүрөт.

Каарманыбыз өзүнүн бала кезден активдүү жашоо образын сүрүүсү чет өлкөдө билим алуусуна жол ачкан.

“Айчүрөк” түрк лицейи мени жашоомдогу жакшы нерселерге жол ачты. Ал жерден бийге, спортко тарбияландым ошондой эле достук эмне экенин үйрөндүм десем болот. Бала кезден музыкалык билим алдым. Ушунун баарына ата-энем дем күч берди. Үй бүлөбүз чыгармачыл жана спортко жакын адамдар болгондуктан мени жаш чагыман активдүү жашоо образын сүрүүгө тарбиялаган. Ошого жараша менда баардык нерсеге кызыгум артып турчу. Менда балдарымды ошондой тарбиялайм деген ойдомун (күлүп). Муну айтып жатканымдын себеби ар түрдүү иш чараларга катышып ар кандай сертфикаттарды алуу жана спорттогу бир катар жетишкендиктер чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатат. Азыркы кезде чет өлкөдөгү окуу жайлар бир гана билим деңгээлиңе карабастан, окуудан тышкары жашооңо да көңүл бурат. Ошондуктан мага чет өлкөнүн окуу жайларына тапшыруу боюнча кеңеш сурагандарга активдүү жашоо образын сүргүлө деп кеңеш берет элем. Себеби ал мекениңен алыс жүргөн учурда көп жардамы тийет”,-дейт ал.

Малайзия билим алуу үчүн ыңгайлуу өлкө экенин баса белгилейт.

“Ооба үйүңдөн алыссың, бөтөн эл, тааныш эмес климат же башка тамак. Кыскача айтканда баардыгы сага чоочун. Бирок ал бизден да көз каранды, чөйрө бул бизди курчап тургандар эмес, а биздин аракетибиз жана ой жүгүртүүбүз аркылуу түзүп алгандар. Мен бул жактан мени курчап тургандардын баарын жакшы көрөм, аларга жакшылык жана чыдамдуулук менен мамиле жасайм. Малайзия студенттик жашоо үчүн жакшы өлкө. Ал жакта тамак аштын, турак-жайдын баалары жеткиликтүү, жаратылыш койнуна барып эс алып өзүңдү Кыргызстанда жүргөндөй сезсең болот. Бул өлкө мусулмандардын жери болгондуктан аялзатына урматтоо менен мамиле кылышат. Бул өтө маанилүү. Дагы бир жакшы жери билим алуудагы төлөмдөр да кол жете турган деңгээлде. Ал жерде окутуу Американын, Британиянын жана Австралиянын системасында жүргүзүлөт. Бирок аларга салыштырмалуу 5 эсе арзан”.

“Бул өлкөдөгү менин биринчи максатым билим алуу. Ушунун баарына күндүзү катышам, ал эми сабак окууга түнкү саататрымды бөлөм. 4 саат гана уктоого туура келет. Менин пикирим боюнча окуудан тышкары да универститеттин жашоосунда да активдүү болуу зарыл. Бул биринчиден бул тажрыйба, экинчиден жаңы таанышуулар. Ошондуктан мен 4 сааттык машыгуулар менен билим алуудан тышкары эларалык студенттер парламентинде мүчөмүн. Ошондой эле ар кандай маданий иш-чараларга катышып турам”.

Ал жеринен алыс жүрсө да Кыргызстанды башка улуттарга таанытуу аракетинде болот.

“Малазиянын ар кайсы шаарларында көптөгөн жердештер жашап жана окушат. Баарыбыз бат-баттан жолугуп бири-бирбизге колдоо көргөзүп турабыз. Мисалы жакында Кыргызстандык студенттер Эл аралык дүйнө элдери фестивалына катышып кыргыздардын ашканасы менен тааныштырдык. Башка жактан келип билим алып жаткан жаштар кыргыз ашканасынан даам сызып көрүштү. Ошону менен бирге эле биздин өлкө тууралуу кыска маалыматтар жазылган сувенирлерди жана плакаттарды даярдадык. Бул иштер биз жазагыбыз келгендердин бир гана бөлүгү. Жердештердин ушул биримдиги бирибирине жакындаштырып дүйнөнүн ар тарбындагы мекенине болгон жылуу сезим жаратат. Мен университеттин эларалык студенттер бөлүүмүндө иштегендиктен Кыргызстандан келе турган жаңы студенттин келерин алдынала билем жана аларга жашай турган жерин таап берүүгө жана ал жерде көнүп кетүүсүнө колдон келген жардамымды берем”.

Анын пикиринде, мекенден алыс жүрүү анын баалуулуктарын түшүнүүгө жардам берет.

“Баары ойлойт болсо керек сыртта окуп жүргөн студенттер ата-энесинин көзөмөлү жок дайыма ойноп-күлүп жүрөт деп. Бирок такыр андай эмес. Чындыгында мен бул жерге келгенден кийин үй бүлөлүк баалуулуктарды, үйүмдү, ата-эненин мээримин, досторду жана туулуп өскөн жерди көбүрөөк баалай баштадым. Эки жылдына бери Малайзияда жашап жатып Кыргызстан биздин планетанын эң кооз бөлүкчөсү экен деген ой келет. Кыргызстанды биз жаштар гана көтөрүшүбүз керек деген жыйынтыка келем. Ошону менен бирге билим алып жүргөн өлкөңдү да баалай билишиң керек”

Ал ар дайым жашоого позитивдүү карап ар кылган ишиңден ырахат алып жашоо керек дейт.

“Кээде күнүмдүк же олуттуу кыйынчылыктар болот, аларды өзүм жөнгө салууга туура келет. Бирок булар адамды күчтүү болууга даярдайт. Келечектеги кыйынчылыктарды жиреп өтүүгө тажрыйба аласың. Сени ийгиликтериңе кубанган ата-энеңдин жүзүнөн жылмайууларын көрүп турсаң булда максаттарыңды дагы бийиктетүүгө күч берет. Мен бош учурумда кругозорумду өстүрө турган жаңы жерлерге көбүрөөк саякаттаганга аракет кылам. Ошондой эле психология тууралуу, туура тамактануу боюнча окуйм, аркандай спорттук көнүгүүлөр тууралуу жана мотивациялык видеолорду көрөм”.

Айбике спорттун олуттуу түрү болгон Муай-тай спортунун чемпиону болууну максат кылган.

“Өтө олуттуулукту жана аракетти талап кылган муай-тай спорту менен алектенем. Аталган спорт мени тырышчаактыкка жана эмгекке үйрөттү. Бул спортто кол, бут, тизе, чыканак жана ыргытуу ыкмалары колдонулган кооптуу спорт. Эгер жасап жаткан ишиңди сүйсөң ийгиликтүү болуп жана коркунуч менен ийгиликсиздиктен алыс болосуң. 2017-жылдын март айында Тайландда өткөн муай-тай боюнча дүйнөлүк чемпионатта татыктуу оорунду багынтып Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келдик. Спорттун бул түрү боюнча коло (2016), күмүш (2017) медалдардын ээсимин. Муну менен эле токтоп калбайм алтын медалды тагынам деген максатым бар”.

Ошондой эла ал бий өнөрүнда мыкты өздөштүргөн.

“Европа өлкөлөрүнө элдердин жана маданияттын фестивалдарына баруу мага көп нерселерди үйрөттү. Мисалы биз Германияда өткөн 100дөн ашык өлкө катышкан бий конкрусуна катышып келдик. Жыйынтыгында аталган сынакта биринчи оорунга жетиштик. Бул да бизди дагыда да шыктандырды. Сынака катышуу командада иштөөнү, эмгекчилдикти үйрөттү. Ошондой эле башка улуттардын өкүлдөрү менен мамиле түзгөндү, чет өлкөдө өзүбүздү кандай алып жүрүү керектигин өздөштүрдүк”.

“Маалымат айдыңында жаштарга максат, ой тилектери менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берип жаткан “Zaman.kg” сайтынын редакциясына ыраазычылык билдирем”,-деп маегин аяктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!