«Бутум узун болуп көрүнүү үчүн эмне кылам?», «Арык көрүнүү үчүн кандай кийинген туура?», «Бетти тоголок кыздарга кандай көйнөк жарашат?» - кыздардын сулуулук тууралуу суроолору эч качан түгөнбөйт чыгаар. Кээ бирөөлөрүнө жооп издеп көрөлү.
1) Ак-сары туфли менен кыска юбка буттарыңызды узун көрсөтөт;
2) Жамбаштын толуктугун тик түрдөгү шымдар менен жынсылар жашырып турат;
3) Эгер белиңиз ичке, бирок жамбашыңыз жалпак болсо, анда сизге клеш жынсы менен белге тагылган кур жарашат;
4) Кийимдеги кичинекей сүрөттөр сырткы көзгө сизди кичирейтип көрсөтөт, ал эми чоң сүрөттөр тескерисинче толук көрсөтөт.
5) Узун көйнөктөр менен юбкалар боюңузду кыска кылат;
6) Формасыз кийимдер ар бир денеин түрүн бузат;
7) Башы тоголок, такалуу туфлилер бутуңузду ичке көрсөтөт;
8) Ал эми башы үч бурчтуу туфлилер буттарды толугураак кылат;
9) Кара колготкилер (50 денден ашпаган) бутарыңызды арык көрсөтсө, кара бут-кийим менен үндөшкөндө буттарыңыз узара түшөт;
10) Ачык түстү колготкилер тескерисинче буттарыңызды толук жана кыска көрсөтөт. Бирок, ак сары туфли менен узунураак көрүнөт;
11) Тунук, ачык блузка сыртка бардык артыкчылыктарыңызды да, кемчиликтериңизди да көрсөтөрүн унутпаңыз;
12) Эгер кийимдерди жарашыктуу кылып үндөштүрүү талантыңыз жок болсо, классикалык стилдерге басым жасаңыз;
13) Үч түс эрежеси: кийингенде үчтөн ашык ачык түс колдонбоңуз, антпесе элдин күлкүсүнө калышыңыз мүмкүн;
14) Чач үлгүңүз гардеробуңуздагы кийимдер менен шайкеш келүүсү керек;
15) Эгер бир нече атыр пайдалансаңыз, атырды кийимиңизге сеппеңиз. Атыр бир ай бою сакталып калышы мүмкүн;
16) Бети тоголок кыздарга V-түрүндөгү жака оюктары туура келет, ал эми тоголок оюк жака сүйрү бет кыздарга жарашат;
17) Бир гана стилдеги кийимди жактырып кийе берсеңиз убакыт өткөн сайын кызыксыз боло баштайсыз;
18) Ботфорты бутту кыскартып көрсөтөт;
19) Футляр түрдөгү көйнөктөр арык кыздарга да, толук кыздарга да жарашат. Бирок ичке белдүү кыздар кийсе жакшы көрүнөт.