Күз - витаминге бай мезгил

Күз - витаминге бай мезгил
13-Сен. 2017, Шаршемби, 14:02

Күз - витаминдерге толгон мезгил. Бул мезгилде организмге зарыл болгон витаминдер менен микроэлементтерди бир жылдык кылып чогултуп алууга мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси, кайсы витаминди кайсы жактан алууну билүү маанилүү. Мына ошону ажыратып билүү үчүн мезгилдин жашылча-жемиштери менен тааныштырабыз.

Таттуу болгар калемпири - бул жашылчанын мекени да Америка. Биз болгар калемпирин чийки бойдон колдонобуз, аны фарштайбыз, салат жасайбыз ж.б.


Болгар калемпири витаминдерге бай, айрыкча С витаминине. Бул жагынан болгар калемпири цитрус жемиштеринен жана кара карагаттан кем калышпайт. Организмдин аскорбин кислотасына болгон бир суткалык талабын канааттандыруу үчүн бир кесим болгар калемпирин жеп коюу жетиштүү. Болгар калемпириндеги аскорбин кислотасы үч айга чейин бузулбайт. Бул жашылчанын эң пайдалуу бөлүгү - уруктары жармашкан ичиндеги ак бөлүгү, мында витаминдер баарынан көп. Мындан тышкары, сабиз, ашкабак сыяктуу эле болгар калемпиринде да каротин көп.

Ашкабак Америкада "төрөлгөн". Бирок алгач анын семичкесин гана жеп башташкан, эти кийин гана тамакка колдонула баштаган.

Анын этинде антиоксидант, организмде А витаминине айланып кетүүчү бета-каротин бар. Ал эми данегинде пайдалуу минералдар, темир, фосфор, цинк жана витаминдер бар. Ким ашыкча салмагынан арылууну кааласа, ашкабактан жасалган тамактар ага эң жакшы жардам берет. Тибет элдик медицинасы ашкабакты дарылык касиети бар азык катары колдонуп, аны менен боорду, бөйрөктү, гастритти, ашказан жарасын жана он эки эли ичегинин ооруларын дарылайт. Ашкабактын эти зат алмашууну да жакшыртат. Болочок энелерге эскертүү: ашкабактын эти кош бойлуулар үчүн кусууга каршы натыйжалуу каражат болуп эсептелинет.

Баклажан - бизге Индиядан келген. Аны Индияда тээ байыркы замандан бери эле өстүрүп келишет. А биздин заманга чейинки I кылымдын орто ченинде Кытайда жана Орто Азияда өсө баштаган. Бул үчүн арабдарга ырахмат айтышыбыз керек. Анткени, Африкадан жана Жер Ортолук деңизинен ошолор ташып келишкен.

Баклажанды кууруйбуз, кышка камдайбыз жана андан икра жасайбыз. Анда В витамини, кальций туздары, фосфор, темир, калий жана ичеги-карындын ишин жөнгө салуучу көптөгөн өлчөмдөгү клетчатка бар. Врачтардын айтуусу боюнча, баклажан кандагы холестериндин деңгээлин түшүрөт. Ошондой эле курамындагы калийдин эсебинен жүрөк булчуңдарынын ишин жакшыртат.

Помидор - жер жүзүндөгү эң кеңири таралган жашылча болуп эсептелинет. Ал алгач Түштүк Америкада пайда болгон, андан деңиз аркылуу Европага - Испанияга, Португалияга жана Италияга келген. Италиялыктар аны pomo d'oro - "алтын алма" деп аташып, бара-бара помидор деп аталып кеткен. Алгач декоративдик өсүмдүк катары гана колдонулуп, атүгүл уулуу жемиш катары да кабыл алышкан. АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтонду көрө албастары помидор менен ууландырууга аракет кылышкан.

Помидордун ширеси тамак сиңирүүдө маселе жаралса, ашказанда жара болсо, бөйрөктө таш болсо сунуш кылынат. Помидор өзү болсо иммунитетти көтөрөт, картаюу процессин жайлатат, холестериндин деңгээлин түшүрөт, кан тамырларды бекемдейт. Бирок помидордогу баарынан баалуу зат - ликопен. Ал рак менен оору коркунучун азайтат.

Жүзүм - бейиш жемиши. Жүзүмдүн дарылык касиетин бүтүндөй бир илим - ампелография изилдейт.


Заманбап изилдөөлөр жүзүмдүн глюкозага, фруктозага, калийге, кальцийге жана темирге бай экендигин тастыктаган. Булардын баары ткандардын түзүлүшү үчүн зарыл, ошондуктан нормадагы салмагына жетпей жаткан балдарга врачтар жүзүмдү сунушташат. Мындан тышкары, жүзүмдөн компресс кылып, теринин серпилгичтигин калыбына келтирүүгө болот.

Кант диабети барлар жүзүмдөн абайлаш керек, айрыкча таттуу сортторунан.

Алма - бардык жер-жемиштердин арасынан номер биринчи жемиш болуп эсептелинет.

Анын тишке, бүйлөлөргө пайдалуу жемиш экенин баары эле билишет. Австриялык окумуштуулар алманын жүрөк-кан тамыр оорулары, астма жана диабет ооруларына карата коркунучту азайтарын далилдешкен. Алмада антиоксидант көп, аны бекеринен жаштыктын белгиси деп аташпайт - антиоксиданттар клеткалардын картаюусу менен күрөшөт эмеспи.

Алмурут - көптөгөн жүз жылдар мурун Персияда, Грецияда жана Рим империясында пайда болгон. Бүгүнкү күндө алмуруттун 60тан ашык түрү бар. Эң көп сортун Кытайда өстүрүшөт.

Алмурутта кант, органикалык кислоталар, клетчатка, пектин жана азот заттары, С, B1, Р, РР витаминдери, каротин, фолий кислотасы - кыскасы, пайдалуу заттардын бүтүндөй топтому бар. Алмуруттун ширесин жалпы эле организмди бекемдөө үчүн ичишет. Мындан тышкары, жаранын батыраак бүтөлүшү үчүн, температураны түшүрүү үчүн да колдонулат. Алмурут кыямы жөтөлдү азайтат деп эсептелинет. Ошондой эле алмурут боор оорусунда, гастритте да сунушталат. Кырк жаштан кийин алмурутту көбүрөөк жеш керек. Бирок эске алынуучу айрым учурлар бар: алмурутту ачкарын жебеш керек жана алмурут жегенден кийин артынан суу же чай ичүүгө да болбойт.

Коон да жүзүм сыяктуу бейиш жемиши. Аны алгач Түндүк Индияда, Иранда, Орто Азияда эгишкен.

Коондо жеңил сиңүүчү кант, крахмал, белоктор, витаминдер, клетчатка, пектиндер, органикалык кислоталар, ар кандай минералдык туздар, анын ичинде темир, калий бар. Ошон үчүн коонду аз кандуулукту, жүрөк-кан тамыр, боор жана бөйрөк ооруларын, ревматизмди дарылоодо сунушташат. Мындан тышкары, коондо териге, чачка, эң негизгиси, баш мээнин сырткы кабыгына пайдалуу болгон кремнийдин көп запасы бар.

Шабдаалыны алгач Кытайда өстүрүшкөн жана узакка жашоонун символу катары көрүшкөн.

Түктүү шабдаалы менен сыйдам шабдаалынын пайдалуулук касиеттери бирдей. Бышкан шабдаалы кантка, калий, кальций, фосфор, темир жана А, В,С витаминдерине бай. Андыктан, шабдаалы тез-тез суукка уруна берген, аз кандуулуктан жабыркаган адамдарга сунуш кылынат. Мындан тышкары, шабдаалыдагы заттар жүрөктүн согушуна оң таасир этет жана заара кубалоочу каражат катары эсептелинет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!