Эркектерди ыйлатып миллионер болгон

Эркектерди ыйлатып миллионер болгон
22-Март 2018, Бейшемби, 13:54

Күн өткөн сайын миллионерлердин саны өсүп келет. Бул жылы Форбс журналынын билдирүүсү боюнча “Амазон” компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос жер шаарынын эң бай адамы деп таанылды.

Миллионер болуш үчүн жогору билим керекпи? Керек бирок милдеттүү деп эсептелбейт. Эгер статистикага таянсак, ар бир миллионер жогорку билим алган эмес. Ал эми алардын болгону 6 гана пайызы доктор наамын алышкан.

Бизнес дүйнөсүндө заматта миллионер болуп кеткендер жок. Баардыгы кайрадан 4-5 жолу баштагандар да бар.

Дүйнөдөгү эң бай спорт менеджерлеринин бири америкалык Дон Кинг бир күнү дүкөнгө келип, 64 000 долларга 110 жуп бут кийим сатып алган. Бирок бул сейрек кездешкен окуя. АКШнын коомдук кызматкерлери көп учурда миллионерлердин 140 доллардан ашык баага бут кийим албай тургандыктарын айтышат.

Ал эми Карл Рабердер жакыр үй-бүлөдө дүйнөгө келген. Ал кичинекей чагында бай болууну кыялданган, ага кол жеткиргени менен анын эч кандай бакыт алып келберин билгенден кийин, болгон байлыгын кайрымдуулукка жумшаган.

Джеймс Вилсон өзүнүн 84кө таяп, карып калганда гана миллионер аталган. Кандай десеңизби? Лоторея оюндарынын жалган экенин туугандарына далилдемекчи болуп билет сатып алгандан кийин анын заматта жолу болуп кеткен. Бир заматта 256 миллион утуп алган!

Ошондой эле өтө сараң миллионерлер да кездешет. Москвалык бай Гаврила Солодовников өзүнүн кызматкерлерине кечеден арткан буламыкты берген.

2 миллиард доллардан ашык каржысы бар белгилүү инвестор Николас Берггрюендин үйү жок. Ооба анын жеке үйү жок. Заңгыраган сарайда жалгыз тургандан тажаган ал вилласын сатып, өзү саякаттап, мейманканаларда түнөйт.

Ал эми эркектердин көз жашына байыган миллионер да бар. Роджер Грей эркектер аялдарга караганда аз ыйлашкандыгы үчүн кыска өмүр сүрүшөөрүн далилдеп, эркектерге туура ыйлоону үйрөткөн курс ачкан.

Ал эми кытайлык Чэнь Гуанбяо «абадан» миллион акча тапкан. Анын төрөлгөн шаары Пекиндин абасы кир. Ошону пайдаланып, ал таза аба толтурулган кутуларды сата башкашкан. Ал муну акча табуунун көзү эмес, бийликтегилерге экономикалык маселелерди жеткирүү деп билдирет. Ошол үчүн кирешесинин басымдуу бөлүгүн кайрымдуулукка жумшайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!