Кичинекей кыз «Жаз» аттуу ыр менен таанылууда

Кичинекей кыз «Жаз» аттуу ыр менен таанылууда
25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:14

КРнын эл артисти Каныкей Эралиеванын аткаруусундагы «Жаз» аттуу ырды кичинекей кыздын ырдаган видеосу соцтүйүндө пайда болду.

Видео кайсыл жерде тартылганы белгисиз. Ал эми Интернет колдонуучуларынын айтымына караганда, видео Нарын тараптан тартылып алынган.

Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дегендей, кичинекей кыздын бул ыры көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп, келечекте мыкты ырчы чыгат деп үмүт артышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!