​Месси кандай үйдө жашайт? (видео)

​Месси кандай үйдө жашайт? (видео)
25-Янв. 2018, Бейшемби, 13:22

Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Мессинин үйү кайрадан көңүл борборунда...

Тынчтыкты сүйгөн атактуу футболчу үйүн улам-улам алмаштырганы менен ага баары бир ышкыбоздорунан кутулууга мүмкүн болбой келет. Футболчу учурда кесиптеши "Барселонанын" жарым коргоочусу Иван Ракитичтин коңшусу. Леонель Месси бул үйдү тынчтык үчүн гана сатып алгандыгын белгилеген эле.

Европа чемпионатынын эң мыкты футболчуларына бериле турган "Алтын бутса" жана “Алтын топ” сыйлыгынын 5 жолку ээси Лионель Месси 2016-17-жылдар ичинде 37 гол киргизип, алдыга чыккан. Эки жыл бою удаасы менен "Барселона" чабуулчусу эң алдыңкы жыйынтыктарга жетишип келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!