Йод жетишпестигин алдын алуу

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:42

Бүгүнкү күндө ооруларды алдын алуу-эң башкы максат болуп саналат. Себеби оору күчөп, өнөкөт болуп кеткенден кийин айыгуу кыйынчылык туудурат.

Негизинен йод адамдын бир калыптуу өсүүсү менен өнүгүшүндөгү маанилүү микроэлемент болуп саналат. Ал эми организмге тамак менен суудан түшкөн керектүү йод өлчөмүнүн жетишпестиги ар түрдүү оорулар менен организмдин бузулууларына алып келет.

Йод жетишпестигинен келип чыккан коркунучтуу оорулардын бири – эндемиялык зоб. Мунун кесепетинен көптөгөн оорулар, мисалы, зыяндуу шишик сыяктуу ооруларга алып барышы мүмкүн. Анын эң оор түрлөрү – балдардын акыл-эси менен органдарынын өсүүсүнүн кеч калуусу, жыныс органдарынын жетилбей калышы, кош бойлуу аялдардын боюнан түшүүсү же керең, көзү көрбөй, акыл-эси кем балдардын төрөлүшү. Өлкөбүздүн көпчүлүк аймактарында йод жетишпестигинин кесепети байкалып келет.


Зобдун эндемиялык оорусун алдын алуу үчүн:

Биринчиден, тамак-аш азыктары менен суу аркылуу тургундарды йод менен камсыз кылууну уюштуруу кажет. Ошол себептен йод жетишпестигин алдын алуу жумуштарын системалуу жүргүзүү керек.

Йодко өтө муктаж аймактарга тоолуу жерлер менен деңизден алыс орун алган жерлер кирет. Өсүмдүктөр менен жаныбарлар организминде йоддун болуусу курчаган аймакка байланыштуу. Себеби көптөгөн топурактарда йоддун курамы аз жана тамак-аш азыктарынын басымдуу бөлүгү бул микроэлемент аз кездешет.

Йод жетишпестигин алдын алуунун эң бир жакшы жолу йод менен байытылган деңиз балыктарын, балырларын, жандыктарын жана башка азыктары пайдалануу болуп саналат. Ошону менен бирге азыркы кезде тамакка йоддолгон тузду пайдалануу, байытылган унду колдонуу кенен колдонулуп келет.

Йоддун 90 пайызын адам тамак-ашынан, ал эми калгандарын аба менен суудан алынат. Ошондуктан йод жетишпестигин алдын-алууда туура тамактануу башкы ролду ойнойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!