Бир күндө бир саат жөө басыңыз
Жөө жүрүү менен денеңизди бир аз кыймылга келтирип, жүрөгүңүздүн согушун жакшыртып жана күнүмдүк машыгууну да аткарууга болот.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй физикалык активдүүлүктү жогорулатып, стресстен арылтып, мээнин иштешин жакшырткан жана маанайды көтөрүүчү эндорфин иштелип чыгат. Эс тутум жакшырып жана адамды жакшы сезимдерге курчайт. Ошондой эле жөө басуудан жүрөк оорулары өөрчүү, мээге кан куюлуу ыктымалдыгы төмөн болоору билинген. Андан организмдин инсулинди сиңирүү жөндөмү жогорулап, даибет оорусуна чалдыгуунун ыктымалы азаят. Сөөктөр бекемделип, остеопороздун пайда болушун алдын алат. Анын жардамы менен арыктоого жана ашыкча салмактан арылууга мүмкүн болот. Бир саат жөө басуу менен 200-300 килокалорий жок кылууга мүмкүн.
Жөө басуу менен ушул сыяктуу жана башка оорулардын алдын-алып ден-соолукту чыңдагыла!
Фарида Жумакадырова