Стресcтен канткенде арылууга болот?
Көп оорунун себеби стресске же депрессияга байланыштуу болуп эсептелет. Күндөлүк турмушта иш менен же түрдүү көйгөйлөр менен жүгүрүп жүрүп, кантип стресс болуп, аягы депрессия менен аяктаганын өзүбүз да сезбей калабыз.
Стресстин белгилери
Өз алдынча кандайдыр бир нерселерге чочулап, жанындагы адамдар менен сүйлөшпөй калат. Уйкусуздук пайда болуп, жумушка болгон жөндөмдүүлүгү азаят, эч нерсеге көңүлү келбей, бат чарчайт. Ой жүгүртүү начарлап, кандайдыр бир алсыздык ээлеп алат. Бир маселени көп ойлонуп жүрө берип, ичиндеги сырды сыртка чыгарбай бук болуп, жумушка болгон кызыгуусу жоголот. Стресс бир күндө эле пайда болбойт, ал көптөн бери адамдын чечилбеген маселе, көйгөйлөрүнөн улам келип чыгат. Жүрөк оорулары, кант диабети, кан басымдын көтөрүлүшү, ашказан, рак сыяктуу башка оорулардын келип чыгуу түпкү себеби стресс болуп саналат.
Стресстен арылуунун жолу барбы?
Баардык көйгөйлүү маселелерди, окуяларды жеңил кабылдап, ар нерседен кабардар болуп турууга аракет кылуу керек. Кандай гана милдет жүктөлбөсүн аны дайыма так аткарып, жакын адамдар, достор, кесиптештер менен мамилени көзөмөлдөп туруу шарт. Андан сырткары дайыма позитивдүү ой жүгүртүп, кайгы-капалуу маалыматты туура кабыл алганды үйрөнүү керек. Адамдын нервине, психологиясына абдан басым кылуучу жумуштарда иштеген кызматкерлер көңүлдүү эс алууга, үй-бүлө менен бирге убакыт өткөрүүгө, сейилдөөгө жана башка ушул сыяктуу күч бере турган нерселерге убакыт бөлүү керек.
Стресстен чыгуунун дагы бир жолу - массаж. Ал кан айланууну жакшыртып, арканын, ийиндиин талышынан улам пайда болгон баш ооруну жоет.
Ошондой эле кыймыл-аракетти талап кылган спорт менен машыгуу да оор жүктөн арылтат. Спорт менен машыккан убакта организм адамды бактылуу кыла турган эндорфин гормонун бөлүп чыгарат. Ал адамдын маанайын көтөрүп, организмди чыңдоого көмөк көрсөтөт. Муздак суу куйунуу да организмди чыңдап гана койбостон стресстен арылтып, көңүлдү көтөрүүгө жардам берет. Бир күн бою чогулган терс энергиядан арылуу үчүн адам сууга түшүп, жуунуп жеңилдеп калат. Окумуштуулар китеп окуп, музыка угуп, саякаттап, сергек жашоо образында өмүр сүрүүгө үндөшөт.
Фарида Жумакадырова