Кышкы витаминдер
Кыштын суук айларында организмдеги витаминдердин жетишсиздигинен түрдүү оорулар менен күрөшүүдө иммунитет алсыздантат. Сасык тумоо жана суук тийүү сыяктуу ооруларга каршы туруу үчүн жеп жаткан азыктарга көңүл бөлүп, организмди керектүү витамин жана минералдарга жетиштүү деңгээлде камсыздоо кажет. Ал эми иммунитетти бекемдөө үчүн витаминдерге бай жашылча-жемиштер болушу керек.
Витаминдер - организмдеги нормалдуу зат алмашууда жана тиричилик аракетинде мааниси чоң биологиялык активдүү бирикмелер. Кышкы жер- жемиштер ден-соолугубузду чыңдоого жана күчтөндүрүүгө канчалыкты маанилүү болуп саналат?
Витаминге бай капуста
Капустанын ак кочан, кызыл кочан, пекин, брюссель жана түстүү капуста түрлөрүн колдонуп келебиз. Ал туз, калий, кальций, фосфор, темир, йод сыяктуу пайдалуу заттардан турат. Капустанын курамындагы С витамини организмдеги баардык биологиялык милдетти аткарат. С витамини уулу заттар жана стресс менен күрөшөт. Капустанын ден-соолукка пайдасы - иммунитетти көтөрөт, нерв системасын тынчтандырат, баш ооруну басат, бөйрөк, боор ооруларына, анемияга, ашказан экзема, подагра дарттарына каршы табылгыс дары. Ашыкча салмактан арылууга да жардам берет.
Гипертониянын душманы аш кабак
Kыш айларында тамактын да, салаттын да даамын ачкан витаминдүү ашкабак. Организмден ашыкча холестиринди чыгарып, жүрөк ооруларын алдын алат. Ашкабактын эти жоон ичегинин сезгенүүсүндө, ич өтүүдө, жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта, циститте сунушталат. Анын курамы А,В1, В2, В5, Е, РР,С витаминдерине жана кальций, калий, темир, магний жана башка микро элементтерине бай.
Цитрус өсүмдүктөрү
Жаштыкты сактоочу витаминдердин бири болгон С витамини. Бул витаминди бетке сүйкөлүүчү бет майлардын курамынан кездештирсек болот. Анткени ал теринин жакшы көрүнүшүнө чон таасир берет. Ошондой эле С витамини бузулган клеткаларды калыбына келтирүүдө жардам берет. Апельсин, лимон, грейпфрут сыяктуу цитрус жемиштерин белгилүү бир өлчөмдө такай жеп туруу бетке бырыштын түшүүсүнө жолтоо болот.
Пияз атеросклерозго каршы
Пияздын агы да, көгү да В1,В2,РР витаминдерине, аскорбин кислотасына бай. Пиязды диабетте, авитоминоздо, гипертонияда жана атеросклероз сунуш кылынат.
Йодго бай курма
А витаминине бай курма рак ооруларынын баардык түрүнө жардам берет. Мындан сырткары А витамини көрүүнү жакшыртып, терини жылмакай жана жагымдуу кылаары маалым. Курманын курамында С, Р, магний, фосфор, йод, калий, темир сыяктуу баалуу витаминдер бар. Йод болсо богок безинин оорусу- зоб менен күрөшөөрү жалпыга белгилүү. Ошону менен бирге эле бул жемиш жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын-алып, аз кандуулукка дары болот.
Күчтүү антиоксидант сабиз
Сабизде сулуулуктун жана ар дайым жаш болуунун сыры катылган. Анын курамындагы А, С, В, Д, Е жана керектүү минералдар, микроэлементтер, эфир майлары организмге керектүү витаминдер жана заттар кездешет. Сабиз күчтүү антиоксидант болуп саналат, андагы бета каротиндин көп болушу тырмак, тери чачка чоң жардам берет. Ал канды тазалап, организмден керексиз заттарды чыгарып, баардык ички органдардын активдүү иштөөсүн жана зат алмашуу процессин жакшыртат.
Фарида Жумакадырова