Чачты тез өстүрүү ыкмасы
Жетиштүү витамин жана минералдар менен камсыз болбосо чачтын өсүүсү жайлап, өңү өчүп жана учтары ачакейленип баштайт. А, Б жана С витаминдери өзгөчө чачтын жакшы өсүшү үчүн маанилүү.
Картошканын составындагы минералдык заттар чач үчүн аябай пайдалуу.
Картошка маскасы
Картошканы жакшылап жууп, кабыгын аарчып, аны майда бөлүктөргө бөлүп, туурагычтан ботко абалына келгенче туурайбыз.Коюу болуп калса бир аз суу кошсо болот. Боткону марлиден өткөрүп, суусун алып чачка сүйкөйт. 20-25 мүнөт күтүп, жылуу суу менен жууган кажет.
Бул маска 1 жумада бир жолу жасалат.
Фарида Жумакадырова