Тилдин түсү аркылуу ооруну аныктоого болот

16-Май 2017, Шейшемби

Медицина илими өнүгө элек убакта- адам баласы ден соолугуна байланыштуу ооруларды түрдүү жолдор менен аныктап келген. Мисалы, теринин, көздүн тырмактын, тилдин түсүнүн өзгөрүүсүнөн адамдар бир катар оору түрлөрүн ажырата билишкен. Өзгөчө, тил түсүнүн өзгөрүшү сиздин ден соолугуңуз тууралуу көп сырларды ачат.

Кантип десеңиз? Алар төмөнкүлөр....

Күзгүнүн алдына туруп, тилиңизди чыгарып көрүңүз да жакшылап караңыз, жумурбу же бүдүрлүүбү? Түсүнө да маани бериңиз, кызгылтпы же кызылбы же болбосо акпы? Балким, тилиңиз жарылып кеткен чыгаар.

Адатта соо адамдын тили кызгылт түстө болуп, ал эми үстүнкү бети бүдүрлүү келет. Эгер тилдин бетинде ак же сары кабат болсо, ошондой эле жарылып кеткен болсо анда сиз дароо дарыгерге көрүнүүңүз керек. Анткени бул организмдеги В12 витамининин, темирдин, фолий кычкылынын жетишпестигинин белгиси же болбосо кандын аздыгынан кабар берет.

Ал эми тилде жара болсо анда Крон же болбосо колит (ичеги карындын сезгенүүсү) оорусу бар деген сөз.

Тилдин сырткы көрүнүшүнөн организмдеги суюктуктун азайып кеткендигин да көрүүгө болот. Кыскасы, тишиңизди жууган кезде щетка менен тилиңизди да тазалоону унутпаңыз. Бул биринчиден ден соолугуңузга пайдалуу, экинчиден, ооздогу жагымсыз жытты чыгарбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!