Бул азыктар менен ооруларды алдын алыңыз

25-Янв. 2018, Бейшемби, 09:51

Иммундук система ооруларды пайда кылган микроорганизмдерден коргоо үчүн өзгөчө иш алып барат. Туура тамактануу да иммундук системаны бекемдөөнүн маанилүү бир бөлүгү.

Бирок тилекке каршы, жетиштүү өлчөмдө жаңы бышкан жемиштер менен өсүмдүктөрдү пайдаланбай келебиз. Иммундук системага кубат берүүчү витаминдер менен минералдарга бай азыктарды пайдалануу менен бактерия жана эркин радикалдардан коргоно алабыз.

Төмөндөгү азыктарды пайдалануу менен иммунитетти бекемдеп, микробко каршы күчтүү калкан курабыз.

Сүт

Сүттүн курамында иммунитети бекемдөөчү жана аллергиядан коргоочу пайдалуу бактериялар бар. А витамини өзгөчө цинк жана ферменттерге өтө бай. Ошондой эле иммунитет үчүн пайдалуу май кычкылдары да бар.

Ферменттүү азыктар

Салтуу ферментттүү азыктар иммундук система үчүн пайдалуу микроорганизмдер болуп саналат. Жакшы бактериялар иммунитетке пайдалуу таасир берет. Алар зияндуу микроорганизмдерден коргойт жана антитело өндүрүүгө жардам берет. Кефир биздин ички экосистемабызды тең салмакта кармап туруучу ферменттер менен пайдалуу бактерияларга байытылган. Кефирден башка, үйдө колго жасалган айран, быштак, сүзмө мисал боло алат. Эртен мененки тамакка 5-6 дана зайтун менен бир стакан айран ичип организмди пайдалуу ферменттерге толтуруңуз.

Кокос жана кокос майы

Кокос - бул биздин организмибиздеги моноларинге айлануучу лаурин кычкылына бай, калкан бези жана метаболизмге арналган пайдалуу жемиш. Моноларин - наристенин иммунитетин бекемдөөчү эне сүттүнөн табылган. Изилдөөчүлөр лаурин кычкылы иммундук система үчүн өтө керектүү зат деген кортундуга келишкен. Кокосту же майын тандаган убакта химиялык заттар менен тазартылгандардан алыс болуш керек. Бүгүнкү күндө көптөгөн спортчулар өз тамактарын кокос майы менен даярдашат.

Жапайы кулпунай же малина

Кулпунай менен малинада башка мөмө жемиштерге карганда антиоксидант өтө көп. Иммундук системаны күчтөндүрөт. Жапайы кулпунай фитохимиялык заттарга бай. Дагы бир жакшы өзгөчөлүгү- башка жемиштер менен салыштырганда канттын өлчөмү аз.

Козу карын

Курамындагы С витамини менен В, кальций менен жогорку өлчөмдөгү белок иммунитетти бекемдейт. Козу карындарда бета-глюкан деп аталган күчтүү заттар узак убакыт бою иммуносупрессивдик касиеттерге ээ. Эртең мененки тамакка козу карындан жасалган тамак-аш кабылдоо менен иммунитетти бекемдөөгө арналган алгачкы кадамыңыз болмокчу. Белоктун жогорку өлчөмү сиздин түшкү тамакта көп жеп алууга жол бербейт.

Сарымсак

Сарымсак – бактериялар менен өтө жакшы күрөөшүүчү азык. Антибактериалдуу, вируска каршы жана антифункционалдуу касиеттеринин аркасында ал көптөгөн зыяндуу микроорганизмдер менен күрөшөт. Сарымсактын эң жакшы касиеттеринин бири синтетикалык антибиотиктерге караганда бактериялар, вирустар сарымсакка каршы тура алышпайт. Сарымсактын максималдуу пайдасын колдонуп калуу үчүн аны кесилгенден кийин 1 саат ичинде жеп бүтүү керек. Биздин ден соолугубуз менен иммунитетибиздин сактыгы үчүн күндө сарымсак колдонуубуз кажет.

Ошондой эле курамында алицин деп аталган ракка каршы химиялык зат бар. Алицин ошондой эле, холестеринди төмөндөтүп, артериялык кан кысымын жана төмөн гомоцистеин деңгээлдерин камсыз кылуу аркылуу жүрөктүн согуу ылдамдыгын төмөндөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!