Аба ырайына кайгырган адвокат өзүн өрттөдү

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 12:21

Климаттын өзгөрүүсүнө санаркаган Дэвид Бакл аттуу америкалык адвокат Нью-Йорктогу парктардын биринде өз өмүрүн кыйды. “ВВС” кызматынын маалыматына караганда ал адам өзүнө күйүүчү май чачып, өрттөнгөн.

60 жаштагы Дэвиддин денеси Бруклин паркынан табылган. Андан алысыракта өлүм алдында жазган каты болгон. Ал өмүрүн кыярдан мурда бир нече маалымат агенттиктеринин электрондук даректерине билдирүүлөрдү жиберген.

“Булгануулар планетабызды бузуп жатат. Аба аркылуу кыртышка, сууга, аба ырайына таасир этүүдө. Менин күйүүчү майга өртөнүп, эрте көз жуманым биз өзүбүздү эмне кылып жатканыбызды чагылдырат”,-деп жазган адвокат катында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!