Журналист – кооптуу кесип

4-Май 2018, Жума, 12:02

Журналисттердин көбү кесиптик милдетин аткарып жаткан учурда көз жумат. Алардын өлүмүнө себепкерлердин азы гана табылып, жоопкерчиликке таттылат.

Мындай жыйынтык ЮНЕСКОнун 3-май Бүткүл дүйнөлүк басылмалар күнүнө карата жазылган баяндамасында жазылган.

Журналисттик кесиптин курмандыктарыны бири Дафн Каруан Галиция. Ал Мальта өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн катыштыгы болгон паракорчулук боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан.

Анын уулу Эндрю болуп өткөндөргө жана бул кесиптин кооптуулугуна эл аралык коомчулук көңүл бурса дейт.

Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматына караганда 2017-жылы Маалымат каражаттарынын 46 кызматкери көз жумган. Алардын он сегизи киши колдуу болгон. Ал эми камалган журналисттердин саны өткөн жылы 262 болсо, алардын кырк тогузу Кытайдан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!