Дональд Трампка “Рождествого белек”

21-Дек. 2017, Бейшемби, 14:11

АКШнын Конгресси ири салык реформасын жактырды.

Рональд Рейгандын мезгилинен бери келе жаткан салык реформасы боюнча ири долбоордун жактырылганын АКШнын президенти Дональд Трамп Рождествого “Мыкты белек” деп атады.

“Биз өлкөнүн тарыхында салыкты төмөндөткөн мыйзамды кабыл алып, рекорд койдук",-деди Дональд Трамп.

Мыйзам долбоорун конгресстин эки палатасы тең жактырды. Эми ага өлкө башчысы кол койгону турат.

Мыйзамдагы башкы жоболордун биринде ишкерлик, корпорация, өндүрүш үчүн салыкты 35тен 21 пайызга чейин төмөндөтүү жагы каралган.

Мыйзам долбоору республикачыл партиянын Көзөмөлдөөчү конгрессинин колдоосунда кабыл алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!