Борбор шаар жаңы автобустуу болот

22-Дек. 2017, Жума, 13:14

Бишкек шаардык мэриясы 350 автобус сатып алат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында айтылды.

Вице-мэр Ренат Макеновдун айтымында, Бишкек шаарына жүргүнчү ташуучу унааларды жаңыртуу үчүн Россиянын “Газпромбанкынан” 3,5 млрд. сом насыя түрүндө каражат алынат.

3,5 млрд. сом насыяны кайра 2025-жылга чейин облигация түрүндө төлөө керек. Ал сумма пайыздык үстөгү менен кошо 5 млрд. сомго өсөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!