Атак үчүн өлүмдү да эстен чыгарды (видео)

22-Дек. 2017, Жума, 15:37

Социалдык тармакта метронун жүргүнчүсүнүн секирген кадры пайда болду. Анда жигит тагдырын сынап көргүсү жана инстаграммда жылдыз болгусу келген. Анын платформадан платформага секирген видеосун 20 миңден ашык жаран көргөн. Окуя Лондондун метросунда болгон.

Бирок жүргүнчүнүн бул тамашасы ал күткөндөй болгон жок. Анын мындай аракети көпчүлүктүн кыжырдануусун жаратып, ага карата акыл ээси ордунда экенине күмөн жараткан сындар айтылган.

Алардын айрымдары “Сени энең өмүрүн тобокелге салсын деп 9 ай көтөргөн эмес”, “Кандай акмакчылык”, “Акылсыз, сенин өлгүң келип калганбы?” деген сыяктуу суроолорду жаадырышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!