Кайсы өлкөнүн эли көп иштейт?

12-Янв. 2018, Жума, 15:58

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун иликтөөлөрүнө ылайык дүйнөдө жумушчу сааты эң көп мамлекет Мексика экен. Аталган өлкөдө бир адам жумасына орточо 43.2 саат болсо, жылына 2 миң 246 саат иштейт.

Экинчи орунга жылына 2 миң 230 саат иштегендер дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар жашаган жер катары белгилүү Коста Рика жазылды. Ал эми жарандарын жылына 2 миң 113 саат иштеткен Түштүк Корея үчүнчү орунга илинди.

Германия тизменин эң акырына жазылды. Ал жактын эли аптасына 26.4 саат болгондо жылына 1,371 саат иш үстүндө жүрөт.

Иликтөөдөн дүйнө жүзүндө иш убакыттары барган сайын азайып жатканын көрүүгө болот. Маселен Бириккен королдукта көрсөткүч 2015-жылы орточо 1,700-2 миң саат болсо, 2017-жылы 1 миң 674 саат болуп төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!