“Instagram”да эми кирүү убактысы көрсөтүлөт

20-Янв. 2018, Ишемби, 11:53

“Instagram” социалдык тиркемесинде жаңы функция ишке кошулуусу мүмкүн. Колдонуучулар башка аккаунтун ээсинин желеге кирген убактысын көрсөтө алат. Бул тууралуу “UberGizmo” маалымат булагы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, белгилүү сүрөт тиркемесинде социалдык тиркеменин активдүүлүгүн көрсөткөн өзгөчө жазуу пайда болот. Бул өз учурунда “Facebook Messenger” жана “Telegram” мессенджериндегидей системага окшоп кетет. “Active At” функциясы аккаунттун ээси желеге акыркы жолу кайсы маалда киргенин көрсөтөт. Бул функцияны иштеп чыгуучулардын айтуусу боюнча, ал аркылуу алардын билдирүүлөргө канчалык тез жооп берип жатканын билүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул функция компания өкүлдөрү жана бренддер менен мамиле куруу кезинде ыңгайлуу болот деп айтылууда. Функция качан ишке кошулат азырынча маалымдала элек. Кээ бир эксперттер “Active At” функциясы башка маалымат алмашуу (direct) кошумчасына кошуларын айтышууда.

Эскерте кетсек, инстаграм жакын арада жаңы функцияны ишке кошкон. Анда белгилүү бир колдонуучулар үчүн желедеги эң маанилүү жазууларды (хештег) тандоого мүмкүндүк берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!