​Нурмагомедовдун ролиги интернетти жарды

​Нурмагомедовдун ролиги интернетти жарды
20-Янв. 2018, Ишемби, 13:08

Орусиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагамедовдун ирландиялык мушкер Конор Макрегорду шылдыңдаган ролиги бир сутканда миллиондон ашык киши көрдү. Анда мушкер Конор Макрегордун орусиялык спортчу Хабиб Нурмагамедовдун ринге чакыруусуна баш тартканы шылдың иретинде көрсөтүлгөн. 16 - январда Конор Макрегор чемпиондук курдан ажыраганы кабарланган. UFCнын президенти Дэйна Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон 7-апрелде Нью-Йорк шаарында беттешээрин билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек 70 кг салмактагы мелдештерге катышкан Хабиб Нурмагомедов UFC боюнча күчтүү спортчулардын бири болуп саналат. Ал 25 беттешке катышып, баардыгында жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!