Күн карама майы зыянбы?

1-Фев. 2018, Бейшемби, 10:22

Гранад университетинин окумуштуулары тамак ашка күн карама жана балык майын көп колдонуу боорго күч келтирерин аныктады. Бул туурасында “Journal of Nutritional Biochemistry” журналына жарыяланды.

Мындай тыянакка илимпоздор чычкандарга изилдөө жүргүзгөндөн кийин келишкен. Алар узак убакыт кемирүүчүлөрдүн тамагына зайтун, чемичке жана балык майын кошкон. Андан соң боордун өзгөрүүсүн микроскоптун жардамы менен байкоого алган.
Жыйынтыгында тамагына зайтун майы кошулган чычкандардын абалы жакшы болгон. Ал эми чемичке майы көп колдонулгандардын боорунун түзүлүшүндө өзгөрүүлөр байкалган. Балык майы пайдаланылган кемирүүчүлөрдүн аталган органынын көлөмү өзгөргөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!