Унаада телефон колдонуу шарттары катаалдады

3-Фев. 2018, Ишемби, 14:54

Франциянын соту айдоочулар мобилдик телефондорду колдоноордо унаасын жолдун четине токтоткону жетишсиз экенин белгиледи. Ага кошумча ээн жерге же унаа токтотуучу жайларга барууну чечим кылды.

Ага ылайык айдоочулар 135 евро же жалпысынан берилген 12 упайдын үчөө кемибеши үчүн белгиленген жайларга баргандан кийин гана чөнтөк телефонун пайдалана алышат.

Францияны мыйзамдарына ылайык унаа айдап бара жатканда телефон менен сүйлөшүүгө болбойт. Ал эми жаңы чечимде сүйлөшмөк тургай аталган түзүмдү колго алганга да уруксат берилбептир.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!