Өзбекстан Кыргызстандан автобус чыгарат

11-Окт. 2017, Шаршемби, 13:28

Кыргызстан жана Өзбекстан Кыргызстандын аймагында чакан автобустарды чогултууда кызматташат. Бул тууралуу “Узавтопром” АК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында автобустарды чогултуу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге Ташкентте 6-октябрда өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында кол коюлган.

Келишимге ылайык Кыргызстанда айыл чарба чиркегичтерин чогултуу, Кыргызстандын аймагында автомобиль өндүрүшүн локализациялоо, унаалардын айнектерин чыгарууну колго алуу, Бишкек жана Ош шаарларында дилердик борборлорду ачуу, ошондой эле автомобиль өндүрүшү үчүн кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу каралган.

Эскерте кетсе, 6-октябрда өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумуна 500дон ашуун кыргыз-өзбек ишкерлери катышкан. Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча 200 млн. доллардан ашык суммадагы продукцияны ташуу келишимине кол коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!