Адам оюн окуган “жасалма акыл”

16-Янв. 2018, Шейшемби, 11:29

Япониядагы Киотский университетинин окумуштуулары адамдын эмне жөнүндө ойлоп отурганын аныктаган жана ойлоп жаткан оюна шайкеш картинаны көрсөткөн “жасалма акылды” ойлоп табышты. Бул тууралуу “mk.ru” сайты билдирет.

Азырынча бул технологияны кемчиликсиз деп айтууга болбойт. Дагы толуктоочу жерлери көп. 10 жума бою изилдөөчүлөр ыктыярчыларга түрдүү сүрөт көрсөтүшкөн. Алгач, окумуштуулар ыктыярчылардын мээсинин белгилүү бир картиналарга деген реакциясын аныктап алышты. Кийин аталган реакцияларды окумуштуулар ойлоп тапкан алгоритм бири-биринен ажыратып, керек болгон кезде «билип» турат.

Катышуучулар картиналарды карап отурган кезде гана эмес, алар көргөн сүрөттөрүн эске түшүргөн сайын маалымат топтолуп отурган. Жасалма акыл керектүу өлчөмдө маалыматты иштеп чыккандан кийин адистер аны менен тажрыйба жургүздү. Тажрыйба учурунда катышуучулар белгилүү бир фигура, жаныбар жана башка сүрөттөргө карашкан, ал эми жасалма акыл өз учурунда адамдын эмне жөнүндө ойлоп отурганын аныктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!