“Apple” төрт “iPhone” чыгарат

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:04

Инсайдерлердин айтуусу боюнча, алардын ичинен экөөсү гана чыгарылат. Алардын бирөө LCD-дисплей, ал эми экинчиси - OLED.

“Apple” компаниясы төрт жаңы үлгүдөгү “iPhone” чыгарганы турат. Бул тууралуу “DigiTimes”ка шилтеме берип “korrespondent.net” сайты билдирет.

Ошону менен бирге, “Digitimes Research”тын башкы аналитиги өндүрүүгө болгону эки нуска чыгат деп билдирүүдө. Анын айтуусу боюнча, корпорация инженерлери диагоналы 5.7-, 5.8 дюйм жана 6-6.1 дюйм болгон “LCD”дисплейлери менен жабдыкталган түзүмдөрдү сунушташкан.

“OLED” нускасына келсек, ал дисплейинин диагоналы 6-6,1-ден 6,4-6,5 дюймга чейин каралган. Азыркы убакта компания экинчи нускага токтолду.

Баардык смартфондор зымсыз зарядlоо технологиясы менен жана 3D камерасы менен жабдыкталуусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, компания ушул жылы “iPhone SE” сыяктуу смартфондун бюджеттик үлгүсүн чыгарат. Бирок, качан чыгаары белгисиз.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!