“Facebook” криптовалюта жарнамасын көрсөтпөйт

3-Фев. 2018, Ишемби, 10:37

“Биз колдонуучуларды жаңылыштыруучу каржылык өңумдөр менен сервистердин, бинардык опциондор менен криптовалюта сыяктуу алдамчы технологиялардын жарнамасына тыюу салган жаңы кызмат саясатын киргизип жатабыз», – деп маалымдалат.

Сервис, ошондой эле колдонучуларды жаңы эрежелерди бузган жарыялар тууралуу кабар берип турууга чакырды.

Буга чейин “Facebook” колдонуучуларга достору менен туугандарынан көбүрөөк жаңылык алып турууга, компаниялардын, брендтердин жана ММКнын постору сыяктуу жарнамалык контентти азайтууга катыштуу өзгөрүштөр жүрөрү жарыяланган эле. Бирок, колдонуучулардын өтүнүчү боюнча жергиликтүү элдин жаңылыктарын жарыялоого уруксат берилген. Ошого байланыштуу жашап жаткан аймагыңызга катыштуу жаңылыктарды лентадан көбүрөөк көрө аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!