Абылгазиев менен Чолпонбаев эмнени сүйлөштү?

26-Апр. 2018, Бейшемби, 14:51

Бүгүн, 26-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы министрге маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылган татаал тармак туш келгендигин белгиледи.

«Сиздин ишиңиздеги алдыңкы милдеттенмелердин бири катары мамлекет жана эл үчүн ак ниет, ачык-айкын иш алып бара турган мыкты адистерден куралган күчтүү команданы уюштуруу эсептелет. Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы бардык деңгээлдеги маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылат», – деди Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкка болгон алгачкы медико-санитардык көмөк көрсөтүүнү күчтөндүрүү, ченемдик-укуктук актыларды толугу менен ревизиялоо артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат, ошондой эле саламаттык сактоо тутумундагы аутсорсинг маселесин карап чыгуу зарыл.

«Бул тармактагы реформалар тыкыр талданып, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, калкка тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатууга, жер-жерлердеги медициналык мекемелердин шарттарын жакшыртууга багытталышы керек. Акыркы мезгилдеги тажрыйба көрсөткөндөй, саламаттык сактоо тутумундагы медициналык адистердин гана эмес, ошондой эле заманбап башкаруучу кадрлардын да жетишсиздиги орун алууда», – деп белгиледи Абылгазиев.

Саламаттык сактоо министри белгилегендей, ал өз ишинде жогоруда белгиленген принциптерди жетекчиликке алып, ошондой эле күч-аракетин кадрдык агымды токтотуу максатында аймактардагы медициналык кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоого, саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү үчүн чет элдик гранттарды жана инвестицияларды тартууга жумшайт.

Жолугушууда дары-дармек менен камсыздоо, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кирешесинин түзүлүшүн талдоого алуу, ошондой эле өлкөнүн Саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү стратегиясынын жана програмаларынын алкагында коюлган конкреттүү милдеттерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, аталган кеңешмеге ошондой эле вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!