Эсиңиздерде болсо, 27-мартта Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов парламенттик угууларда тарыхый-маданий мурастар шылуундар тарабынан казылып, таланып жок болуу коркунучунда турганын эскертип өттү эле. Дал ушул маселе боюнча zaman.kg маалымат агенттиги Маданият министрлигинин башкы адиси Чынарбек Жолдошовго кайрылып, археологияык эстеликтер жана тарыхый мурастардын азыркы абалы тууралуу кыскача маалымат алууну туура көрдүк.
- Маданият министри Султанбек Жумагулов парламенттин угуулардын жүрүшүндө тарыхый-маданий мурастар жок болуу коркунучунда турганын сөз кылып өттү. Коркунуч туудурган кандай маселелер бар?
- Министр парламентик угууларда аймактарда мыйзамдардын нормалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз учурунда, өз деӊгээлинде аткарылбай жаткандыгын жана туура эмес жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында көптөгөн тарых жана маданият эстеликтери бүгүнкү күндө талкаланууга дуушар болуп, кээ тарыхый-маданий мурас объекттер көрүстөнгө айланып баратат деген маселени көтөрдү. Чынында эле, калктуу конуштарга, айылдарга жакын жайгашкан көптөгөн эстеликтердин аймагын азыркы учурда ошол эле жергиликтүү элдер маркумдардын сөөгү коюлган жай, мазар катары пайдаланышууда.
Ушул сыяктуу маселелерди тез аранын ичинде баардыгыбыз биргеликте чечип, кылымдар бою сакталып келген эстеликтердин абалын жакшыртыбыз зарыл. Бул көйгөйдүн тереңи алыс барып такалат. Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдин алгачкы жылдарында жүргүзүлгөн жер реформанын натыйжасында эстеликтердин жер участоктору дыйканчылык жүргүзүү максатта толук түрдө үлүшкө, жеке менчикке берилип кетти. Көптөгөн кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объекттер эгин-талаа аянттарынын так ортосунда калды. Учурунда алардын жайгашкандыгы жана сакталышы эске алынган эмес. Ошол иш- аракеттердин жыйынтыгында, эстеликтердин жана алардын аймагынын сакталуусуна тийгизген терс факторлор, көйгөйлүү маселелер бүгүнкү күндө келип чыкты.
Андан кийинки маселе ландшафтын өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын жүргүзүү, карьерлерди өздөштүрүү, тоо-кен өнөр жайын иштетүү болуп саналат. Акыркы эки-үч жылда бул маселени жөнгө салып, чечкенге аракет кылып келатабыз. Ага чейин өздөштүрүлбөгөн жерлерди пайдалануу алдында тарыхый-маданий мурас объекттер бар же жоктугу жөнүндө корутунду алынбагандыктан көптөгөн эстеликтердин сакталуусуна коркунуч жаралып, алардын кээ бирлери талкаланып кеткен. Бул көйгөйдү чечүү максатында бир нече мыйзамдар кабыл алынды. Азыр жогоруда аталган иштерди ишке ашыруу алдында тарыхый эстеликтер бар же жоктугуна тиешелүү отчет жана корутунду даярдалат жана эгерде эстеликтер жайгашкандыгы аныкталса, ошол жер участоктор коргоого алынат. Бирок, бул системаны мындан ары да жакшыртуу керек деп ойлойбуз, мында ченемдик укуктук акытыларга керектүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында керектүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл.
- Кыргызстандын кайсы аймактарында тарыхый мурастардын жок болуу коркунучу бар?
-Алыска барбай эле айта турган болсок, Чүй облусунун Москва районунун Тулек деген айылында орто кылымдарга таандык чоң тарыхый шаар бар. Ошол археологиялык эстеликти жергиликтүү эл мазар катары пайдаланып жатышкандыктан адистер тарабынан жеринде барып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан башка Талас районунун аймагында Ак-Төбө, Ош шаарында Ак-Буура деген орто кылымдарга таандык тарыхый шаар бар. Бул эстеликтерде мазар катары пайдаланууга тыюу салуу үчүн жергиликтүү бийлик токтом чыгарган. Мындайча айтканда көптөгөн эстеликтерибиз калктуу конуштарга жакын жайгашкандыктан көпчүлүгү талкаланып жатат.
- Сиздин оюңуз боюнча маданий мурастарды сактап калуу үчүн кандай иштерди жүргүзүү керек?
- Мында тарыхый-маданий мурастарды сактап калыш үчүн түшүндүрүү, илимий-изилдөө иштеринен баштап, эстелик жайгашкан аймактагы жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар өз милдеттерин толук ишке ашыруу, жоопкерчилик менен иш алып баруу зарыл. Тарыхый эстеликтерди сактоо, коргоо багытында мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу эстеликтердин талкалануусун алдын алууга толук мүмкүндүк болот. Азыр министрлик бул багытта мыйзамдарды анализдеп, кандай нормаларды иштеп чыкса маселелер чечилет дегендин үстүндө иштерди жүргүзүп жатат. Ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары азыр түшүнүп, тарыхый эстеликтердин маанилүүлүгүн билип, башка жерлерден көрүстөндөргө жер бөлүп берүү маселесин чечип жатышат.
- Өз алдынча казуу иштерин жүргүзүп аткан шылуундарга карата чаралар көрүлөбү?
-Өз алдынча казып аткан шылуундарга карата комлпекстүү иш алып барыш керек болууда. Башкача айтканда журналисттер, тиешелүү органдар жана сөзсүз түрдө жергиликтүү коомчулук менен биргеликте, ата-бабаларыбыздан калган тарыхый-маданий мурас объекттерди мыйзамсыз казуу аркылуу жеке кызыкчылыгын көздөп, жаман ою мене байлык табам деген адамдардын ишмердигин токтото алабыз. Анткени шылуундар баюу максатында жер астында жаткан маданий мурастарыбызды казып, аны сатып, көптөгөн эстеликтерибизди талкалап жатат. Көбүнчө булар алыскы тоолуу аймактарда, ээн таалааларды, адам жок жерлерде жайгашкан объектилерге барып, металл издөөчү, техникалык каражаттар менен, тактап айтканда, металл детекторлорду, радарларды жана магнит приборлорун колдонуп маданий мурастарды казып, тоноп жатышат.
Айылдарда, райондордо же жайлоолордо, талааларда мына ушундай мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жаткан белгисиз, чоочун адамдар металл издөөчү шаймандары менен казуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда көрүп же байкап калган жергиликтүү адамдар алар тууралуу кабарды ошол замат Ички иштер органдарынын же Маданият министрлигинин өкүлдөрүнө, мамлекеттик музей кызматкерлерине маалымат берип турса, эстеликтерди тоноочуларды, шылуундарды жеринде кармап, аларды жоопкерчиликке тартырууда чоӊ салым болот эле. Булардын мыйзамсыз иштерин биз азыртадан токтотпосок, тыюу салбасак масштабдуу түрдө тарыхый эстеликтерди талкалоо күчөп, кийин кеч болуп калат. Металл издөөчү аппараттарды өз адынча колдонууга тыюу салган мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Бирок, ага карабай бул маселе азыркы учурдагы эӊ көйгөйлүү маселелердин бири бойдон калууда. Ошондуктан тарыхый-маданий мурас объекттерди тоноп жаткан адамдарга каршы күрөшүүдө жалпы коомчулукту чакырып кетет элек.